18-сентябрдан 28-сентябрга чейин «Дыйкан» базарында жарманке өтөт

18-сентябрдан 28-сентябрга чейин «Дыйкан» базарында жарманке өтөт

2021-жылдын  18-сентябрынан 28-сентябрына чейин «Дыйкан» базарында жарманке өткөрүлөт. Жарманкеде жер-жемиш, эт, сүт, азык-түлүктү өндүрүчүүлөр өздөрү арзан баада сатышат. Бул тууралуу базардын маалымат кызматы билдирет.

Сатыкка чыккан азыктардын сапатына санитардык көзөмөл тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүргүзүлөт. Объектинин жалпы коопсуздугу, өрт коопсуздугу, таштандыны чыгаруу жана санитардык тазалоого, суу, электр энергиясы менен камсыздоону «Кыргыз темир жолу» УК МИнин структуралык бөлүмдөрү жана филиалдары ишке ашырат.  

Даареги: Товарная,1 (Москва жана Фучика көчөлөрүнүн кесилиши). Сурап-билүү байланыш телефону: 0700 55 85 93, 0555 95 63 38.

Мындан тышкары окуңуз

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт. Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17