Калк үчүн электр энергиянын тарифи жыл аягына чейин өзгөрүүсүз калат
Калк үчүн электр энергиясынын тарифи жыл аягына чейин ошол бойдон калат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбооруна ылайык, калк үчүн тарифтер кВт/саат үчүн 0.77 сом боюнча калат.
Эскерте кетсек, энергияны көп талап кылуучу керектөөчүлөрдүн (майнинг ишканалары, алтынды кайра иштетүүчү фабрикалар, куюучу заводдор, эритүүчү жана алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу ишканалар) айрым категориялары үчүн керектүү чыгымдарды жабуу үчүн 2021-жылдан тартып электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу сунушталууда.
«Баанын көтөрүлүшү өнөр-жай ишканаларына гана таасирин тийгизет», – деп билдирди министрлик.