ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда дизелдин баасы эң төмөн

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда дизелдин баасы эң төмөн

Кыргызстанда дизель майынын орточо баасы (53.6 сом) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.  

Ошол эле учурда Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы (58.1 сом) Орусиядагыдан (56.2 сом) дээрлик 2 сомго кымбат.

4-ноябрга карата ЕАЭБ жана коңшу мамлекеттерде күйүүчү-майлоочу майлардын орточо баасы

Кыргызстан
КазакстанРоссияБелоруссияАрменияТажикистанУзбекистан
Аи-9258.136.956.269.488.784.572.8
Аи-9560.942.961.872.992.386.876.8
Дт53.656.561.772.98786.876

Россия Федерациясы күйүүчү май рыногун жөнгө салууга жардам берүү үчүн демпфинг механизмин колдонот. Эгерде бензиндин жана дизелдик отундун экспорттук баасы шарттуу ички баалардан жогору болсо, анда мамлекет бул айырмачылыктын бир бөлүгүн өндүрүүчүлөргө компенсация төлөп берет. Болбосо, мунайзат компаниялары айырманы бюджетке которушат. Бул ички базардагы баалардын өсүшүн ооздуктоого жардам берет деп белгилешет адистер.

Казакстан Республикасында мунай өндүрүлүп, кайра иштетилет, бул өлкөнүн бензинге болгон муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет. Ал эми дизелдик отунга болгон талаптын бир бөлүгү (болжол менен 30%) өлкө тарабынан, негизинен Россиядан келген импорт аркылуу жабылат. Казакстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго мунай жеткирүү базар баасында эмес, наркы боюнча жүргүзүлөт.

Беларусияда мамлекеттик үлүшү бар 2 ири мунайды кайра иштетүүчү завод бар: Мозыр мунайды кайра иштетүүчү заводу жана «Нафтан» ААК. Бул нефтини кайра иштетүүчү заводдордун өндүрүштүк кубаттуулугу республиканын мунай заттарына болгон муктаждыгын жабат. Мындан тышкары, республика мунай заттарын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8.49 млн тоннаны түзгөн.

Армения Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды өлкө. 2020-жылы Арменияда импорттун көлөмү 20.5% га көбөйгөн. Армениянын негизги импортерлору – Россия (69%), жана Иран (23.3%) болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт