Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана экономикалык-социалдык тармактарга көмүр отунун тартуу иштерин баштоону уюштуруу, откана, жылуулук түтүктөрүн оңдоону, кабаттуу турак жайларды жылуулукка кошуу иштерин жакшыртууну буйруду.

Электр тармактар ишканасына электр чордондорун, электр чубалгыларын оңдоо жаңыртуу иштерин өз убагында бүткөрүү, электр энергиясынын сарпталышы, лимиттин пайдаланылышы акча каражаттарынын төлөнүшү боюнча анализдүү иш алып баруу менен көйгөйлөрдү алдын алууну тапшырды.

Жаңы курулуп жаткан турак жай жана башка социалдык обьектилерди жылуулукка кошуу иштерин алып барууну, ошондой эле калкты көмүр менен камсыздоодо боюнча так маалыматтарды алды. Жашоочулардын керектөөсүн камсыздоо үчүн топ базаларды ачуу боюнча иш милдеттерди өз убагынан кечиктирбестен алып баруу жана башка бир катар милдетерди тийиштүү мекеме жетекчилерине тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media
Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарындагы көмүр сатуу объекттериндеги бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен казылып алынган көмүрдүн чекене баасы тоннасына 6 200–6 500 сомду түзөт. Ошондой эле Шубаркөл кенинен казылып

Ишкер Media
Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

30-сентябрда Каракол шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара президенттин 2022-жылдын 7-декабрындагы №388 Жарлыгынын - "Ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө" - талаптарын камсыз кылуу максатында уюштурулду. Негизги максат - ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Жыйынга Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Кыргызстандын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты. Армениянын Премьер-министри жыйынга онлайн форматта кошулду. Жыйындын күн тартибинде

Ишкер Media