Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү.

Мындан тышкары, мыйзамсыз трансформацияланган 200 гектар жер аянты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына кайтарылды.
Ошондой эле 400 гектардан ашык мөңгүнүн сакталышы камсыздалып, мөңгүлөр жайгашкан жер тилкелерин жер казынасын пайдалануу максатында мыйзамсыз берүүгө бөгөт коюлду. Бул багыттагы иштер ырааттуу улантылууда.

Экологиялык мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү күчөтүү максатында президентинин колдоосу менен прокуратура органдарынын түзүмүндө Бишкек жана Ош экологиялык прокуратуралары түзүлүп, өз ишин баштады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media
Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарындагы көмүр сатуу объекттериндеги бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен казылып алынган көмүрдүн чекене баасы тоннасына 6 200–6 500 сомду түзөт. Ошондой эле Шубаркөл кенинен казылып

Ишкер Media
Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

30-сентябрда Каракол шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара президенттин 2022-жылдын 7-декабрындагы №388 Жарлыгынын - "Ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө" - талаптарын камсыз кылуу максатында уюштурулду. Негизги максат - ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Жыйынга Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Кыргызстандын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты. Армениянын Премьер-министри жыйынга онлайн форматта кошулду. Жыйындын күн тартибинде

Ишкер Media