«Жалпы иш», «Таза Шайлoо» ассоциациясы жана «Эгль» кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

“Жалпы иш” коомдук фонду, ““Таза шайлоо” Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси, “Эгль” коомдук фонду жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси Кызматташтык жана өз ара аракет жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документ шайлоо процесстери жаатындагы коомдук маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди колдоо, шайлоо жыйындарын өткөрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү, кесиптик мобилдүүлүккө көмөктөшүү жана кесипкөй кадрларды колдоо, тең укуктуулуктун, ак ниеттин, урматтоонун жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кабыл алынган.  

“Меморандумдун негизги максаты – өнөктөш уюмдар ортосунда маалымат алмашуу, шайлоого байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү көз карашты колдоо. Биз ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө чакырабыз”, – деди “Таза шайлоо” Ассоциациясы” ЮЖБнын аткаруучу директору Эдир Бова. 

“Эгль” КФнын жетекчиси Чолпон Омурканованын айтымында, төрт уюм тең Кыргыз Республикасындагы шайлоого жарандык коомдук мониторинг жүргүзүү менен алектенет. “Биздин тандем шайлоо күнү эле эмес, шайлоо алдындагы жана андан кийинки мезгилде да жарандык көзөмөлдү жана шайлоого байкоо жүргүзүүнү күчөтүүгө, ошондой эле узак мөөнөттүү байкоочуларыбыздын ортосундагы байланышты жакшыртууга жана кыска мөөнөттүү байкоочулардын коопсуздугун жеринде күчөтүүгө мүмкүндүк берет”, – деди ал. 

“Социалдык технологиялар агенттиги” КБнын директору Зульфия Көчөрбаева, аталып өткөн өкмөттүк эмес уюмдардын ортосунда шайлоолорго жарандык байкоо жүргүзүүнүн алкагында жакшы мамиле көптөн бери калыптанып калганын жана меморандумга кол коюу мындай тажрыйбанын логикалык уландысы болгонун белгиледи.

“Чындыгында биздин уюмдардын ортосундагы кызматташуу 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында башталган. Биз буга чейин бир катар актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен билдирүүлөрдү жасаганбыз. Меморандумга кол коюу биздин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү кененирээк колдонууга шарт түзөт деп ишенебиз, анткени шайлоо чөйрөсүндө дагы эле көптөгөн чечилбеген маселелер бар”, – деп жыйынтыктады “Жалпы иш” КФнын башкармалыгынын төрайымы Аида Суйундуева. 

Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашышты:

  • Шайлоо процесстерине көз карандысыз байкоону уюштурууга көмөктөшүү, татыктуу жана таза шайлоого жетишүүнүн узак мөөнөттүү перспективалары
  • Шайлоо мыйзамдары жаатында окуу иш-чараларын (тренингдерди, семинарларды ж.б.) уюштурууга көмөк көрсөтүү
  • Демократиялык принциптерге жана эл аралык стандарттарга ылайык шайлоо процесстерин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын аныктоо үчүн тобокелдиктерди жана чакырыктарды талдоону уюштурууга көмөк көрсөтүү
  • Таза шайлоолорго жетишүү чөйрөсүндө жаңы жаңычыл идеяларды ишке ашырууга көмөктөшүү.

Read more

«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

Ысык-Көлдө өткөн VII кыргыз-орус экономикалык форумунда «Альянс Алтын» компаниясы өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Негизги көңүл Талас районундагы «Жерүй» кичи ГЭСинин курулушуна жана ЖОЖдор менен биргеликте билим берүү демилгелерин баштоого багытталган. Кубаттуулугу 28 МВтка чейинки диверсиялык ГЭСти куруу боюнча инвестициялык долбоорду «Альянс

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,