Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн. Курулуш иштери аяктап, учурда өндүрүштүк линияны сатып алуу боюнча тендер өткөрүлүүдө.

Завод ишке киргенден кийин 10го чейин жумуш орундары түзүлөт. Өндүрүш жергиликтүү калкты сапаттуу минералдык суу менен камсыз кылып, райондун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына салым кошот.

Талас өнүктүрүү фонду тарабынан облустун айыл чарбасын, инфраструктурасын колдоо жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн