Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат.

Аккредитация лабораториянын аналитикалык изилдөө жана өлчөө сапаты жаатындагы эл аралык талаптарга жооп берерин тастыктайт. Ал тоо тектерин, рудаларды жана алардын кайра иштетилген продуктуларын анализдөөгө тиешелүү. Алынган статус кызматкерлердин жогорку тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн, ошондой эле колдонулган ыкмалардын тоо-кен тармагынын заманбап талаптарына ылайыктуулугун көрсөтөт.

Бул өндүрүш процессинин бардык этаптарында сапатты көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Эл аралык сертификаттын берилиши компанияга чет өлкөлүк долбоорлорго катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, анын жоопкерчиликтүү жана технологиялык жактан жабдылган жер казынасын пайдалануучу катары позициясын бекемдейт.


Маалымдама: ISO/IEC 17025:2019 – бул лабораториялардын компетенциясына жалпы талаптарды аныктаган эл аралык стандарт. Ага ылайык аккредитация зарыл ресурстардын, квалификациялуу персоналдын болушун жана сыноодо жана калибрлөөдө заманбап методдорду колдонууну билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.