«Кумтөр» алтынды казуу стратегиясын өзгөрттү – ачык карьердик ыкмасынан жер алдындагы кен иштетүүгө өтөт

«Кумтөр» алтынды казуу стратегиясын өзгөрттү – ачык карьердик ыкмасынан жер алдындагы кен иштетүүгө өтөт

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) алтын камтыган рудаларды экологиялык таза жана экономикалык пайдалуу жол менен казып алуу үчүн «Кумтөр» кенин иштетүү стратегиясын өзгөртүп, ачык карьердик ыкмасынан жер алдындагы кен иштетүү долбооруна акырындык менен өтөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Компаниянын айтымында, жер алдында казып алуу ыкмасы Кыргызстан үчүн экологияга келтирилген зыянды бир топ кыскартууга жана пайдалуу кендерди сарамжалсыз казып алуудан баш тартууга мүмкүндүк берет. Кенди жайды канадалык «Центерра Голд» компаниясы башкарып турган кезде кенди иштетүү ачык жол менен жүргүзүлгөн. Натыйжасында 1 тонна алтын камтыган руданы казып алуу үчүн 41 тоннадан 60 тоннага чейин бош топуракты алуу зарыл болгон. Бул көрсөткүч боюнча КГК тоо-кен компанияларынын арасында дүйнөдө 1-орунда турат деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк орточо кыртыш ачуу коэффициенти руданын бир тоннасына 2 тоннадан 7 тоннага чейинки бош текти түзөт. Мисалы, Түркиядагы Өксүт кенинде бул көрсөткүч бирге экини (1:2) түзсө, Канададагы Маунт Миллиган кенинде бирге бирди (1:1) түзөт. Бул эки ишкана тең «Центерра Голд» компаниясына таандык. «КГК» Канада менен Түркиянын экологиялык талаптары тоо-кен компанияларына жырткычтык жол менен кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол бербестигин билдирет.

Жер алдындагы кен казып алуу ыкмасы алтын камтыган руданы иргеп казып алууга багытталган жана кыртыш ачуу коэффициенти өтө төмөн болот: 1:2 же максимум 1:3 түзөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кумтөрдүн жер астындагы рудаларындагы алтындын курамы тоннасына 5 граммдан ашат, башкача айтканда, ачык жол менен казып алуудан дээрлик эки эсе жогору. Кендин жер алдында казып алуунун болжолдонгон жалпы наркы, жер астында казып алуу ыкмасынын операциондук чыгымдары жогору болгондугуна карабастан учурдагыдан төмөн болоору күтүлүүдө.

КГКнын пландарында руданы жер астынан казып алуу долбоору бар болгонун белгилей кетсек, ал долбоор 2008-2012-жылдары ишке киргизилип, бирок кийинчерээк токтотулган. Бул долбоорго дээрлик 180 млн доллар каражаты сарпталган болчу.

«КГК» алтын камтыган руданы жер астында казып алуу долбоорун ишке ашыруу үчүн КГКда жаңы долбоордук бөлүм түзүлдү. Учурда аны жогорку квалификациялуу чет элдик жана жергиликтүү адистер менен толуктоо иши уланууда экенин билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө