Салыштырабыз, базарда патент менен иштеген пайдалуубу же ККМ мененби?

Салыштырабыз, базарда  патент менен иштеген  пайдалуубу же ККМ мененби?

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-июлунан тартып, жаңы стандарттарга ылайык, контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонуу милдеттүү болгондугун эскертет.

Аталган күндөн тартып, фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок ККМдин эски моделдери колдонулбайт.

Мындан тышкары, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделдерин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ишкерлерге ККМ жана аларды тейлөө акысыз берилет.

Салык кызматы 2022-жылдын 1-январынан тартып, ишкерлер тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калкка жеткирүүдө жана чекти чыгарууда ККМди жаңы стандарт боюнча колдонуу милдети, ошондой эле патент колдонууну пландуу жокко чыгаруу айрым жеке ишкерлер тарабынан терс реакцияны жаратып жатканын айтат.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы патент боюнча салык төлөө менен ККМди колдонуунун ортосундагы айырманы түшүндүрүүнү зарыл деп эсептейт.

  • Мамлекет накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМ колдонгон субъекттерге максималдуу жеңилдиктерди берет. Алсак, өлкөдө жылдык товар жүгүртүү 8 млн сомдон ашпаса, анда ал салык төлөөдөн бошотулат.
  • Мисалы, базарда иштеп, ай сайын 3000 сомго патент, 807 сомго камсыздандыруу полисин сатып алган ишкерди алалы. Анын жылдык чыгымы 45 684 сомду түзөт.
  • Эгерде, ишкер виртуалдык (программалык) ККМди тандаса, аны Google Play Marketтен бекер жүктөп алып, смартфонго, планшетке же ноутбукка орнотуп, чек чыгара баштайт. Мындай аппаратты жыл сайын тейлөөгө кеткен чыгым болжол менен 3000 сомду түзөт. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт, анын суммасы жылына 9684 сомду түзөт. Жыл ичиндеги чыгашалардын жалпы суммасы 12684 сомдон ашпайт.

Ошентип, ишкер патентти колдонуу менен мурда төлөгөн 45 684 сомдун ордуна 12 684 сом гана төлөп, 33 миң сом үнөмдөөгө мүмкүндүк алат. Көрүнүп тургандай, KKM колдонуунун пайдасы айдан ачык.

Учурда КРнын ККМдин эки – аппараттык жана программалык модели колдонулат.

Аппараттык ККМ – дисплейи бар кадимки кассалык аппарат.

Программалык ККМ – бул компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын түзүү жана жөнөтүү функциясы бар программалык продукт же тиркеме. Программаны бекер жүктөп алып, керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди сатып алуу жетиштүү.

ККМ менен иштөөнүн артыкчылыктарынын катарына ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн сезилерлик жеңилдиктер, ачык-айкын фискалдык система, жагымдуу атаандаштык чөйрө, салыктык контролдун ар кандай түрлөрүн кыскартуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө