Социалдык тармактардын шайлоо өнөктүгүнө тийгизген таасири
2021-жылдын 12-мартынан 2021-жылдын 9-апрелине чейин кыргызстандык «Медианы өнүктүрүү борбору» коомдук фонду жана MEMO 98 Словакиялык коммерциялык эмес адистештирилген медиа мониторинг уюму 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин негизги максаты — социалдык тармактардын шайлоо өнөктүгүнө тийгизген таасирин жана шайлоочулардын чечим кабыл алуусу үчүн социалдык тармактар аркылуу маанилүү маалымат канчалык деңгээлде берилип жатканын аныктоо.