Декабрь айында аба ырайы жылуу болгондуктан электр энергиясын керектөө 300 млн кВт/саатка кыскарды

Декабрь айында аба ырайы жылуу болгондуктан электр энергиясын керектөө 300 млн кВт/саатка кыскарды

Декабрь айында аба ырайынын жылуу болгондугуна байланыштуу электр энергиясын керектөө дээрлик 329 млн кВт/саатка кыскарган. Мындай маалыматты «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын диспетчердик кызматы билдирди.

Кыргызстанда декабрь айында электр энергиясын керектөө 1 млрд 757 млн кВт/саатты түзсө, былтыр, 2020-жылдын декабрь айында сууктун кесепетинен 2 млрд 86 млн кВт/саат электр энергеиясы колдонулган.

Белгилей кетсек, ушундай эле көрүнүш ноябрь айында да байкалып, 2020-жылдын ноябрь айындагы 1 млрд 717 млн кВт/саатка салыштырмалуу жалпы керектелген электр энергиянын көлөмү 1 млрд 667.6 млн кВт/саатты түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди. Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 14 асыл тукум ат сатылып алынат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 14 асыл тукум ат сатылып алынат

Мамлекеттик асыл тукум чарба холдинги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү үчүн 14 асыл тукум ат (англис жана орус таскак атынын породасынан ) сатып алууну пландап жатат, алга каражат 32,8 млн сомду түзөт. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкта ат чарба объектилери — аткана, манеждер, спорт

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

2025-жылдын январь — декабрь айларында Кыргызстан 139  065 жеңил автоунааны импорттоп, ага 1 млрд 78,6 млн доллар жумшаганын Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин анализинен көрүүгө болот. Мамлекетке 2024-жылга салыштырмалуу 1 967 жеңил автоунаа аз алынып келген. Баалык эсепте импорт 38,1%га төмөндөгөн. Негизинен автоунаалар 2025-жылы төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келген: Түштүк

Жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмеси

Жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмеси

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп, анда Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө иштөөгө уруксаттарды берүү, узартуу жана жокко чыгаруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Комиссия Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө иштөөгө уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздарды карап, 28