Жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмеси

Жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмеси

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп, анда Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө иштөөгө уруксаттарды берүү, узартуу жана жокко чыгаруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Комиссия Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө иштөөгө уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздарды карап, 28 компания боюнча чечим кабыл алды. Алардын көпчүлүгүнө бир жылдык мөөнөткө рынокко чыгууга уруксат берилди.
  • Түркияга жумушчуларды жөнөтүүгө "Камелотт", "Флай Джоб" жана "Прайм Тревел" агенттиктерине уруксат берилди.
  • Германияга жумушка жөнөтүү иштерин "Скилл Вэй Консалтинг" жана "Аслан Жобагентур 1" компаниялары жүргүзөт.
  • "Медиа Центр" жана "ИЛЦ" агенттиктери кошумча шарттар менен лицензия алып, аны аткарууга милдеттүү болушту.
  • Словакияга жарандарды жөнөтүүчү "Азия КейДжи Консалт" жана "Консалтинговая компания Евразия" компанияларынын уруксаттары узартылды.
  • "Ворк Тайм Консалтинг" компаниясынын Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Кувейтке жөнөтүү боюнча уруксаты да узартылды.
  • Ал эми "Тугезе Рекрутмент" компаниясынын Хорватияга жумушка жөнөтүү өтүнүчү четке кагылды.

Комиссия белгилегендей, кабыл алынган чечимдер кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана уруксат берүүдө мыйзамдарды так сактоо максатында кабыл алынууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media