2021-жылы транспорт тармагына 3.8 млрд сом бөлүнгөн

2021-жылы транспорт тармагына 3.8 млрд сом бөлүнгөн

Кечээ, 25-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн. Тагыраагы, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд 250 млн сом, Балыкчы – Тамчы –Корумду унаа жолун реконструкциялоого 275 млн сом, Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга 286.5 млн сом каралган.   

«2021-жылы 147 км узундугунда унаа жолдору курулган. Ал эми 2019-2020-жылдарга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карызы 1 млрд 300 млн сомду түзүп, азыркы учурдагы насыялык карызынын көлөмү 850 млн сом» – деди Кайынбаев.

Анын билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат.  

Эскерте кетсек, жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына 2.68 млрд доллар тартылган, бул тыштан келген жардамдын жалпы көлөмүнүн 23.4%ын түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын 405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө, калган 2.27 млрд доллары насыя түрүндө келген.

Кыргызстандын эң ири тышкы донору болуп Кытай, тагыраак айтканда, Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы эсептелет. Бул каржы институту «Түндүк – Түштүк», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Ош – Сарыташ – Эркештам» жолдорун кошкондо, 9 жол долбоорун каржылайт.

Эксимбанктан каржылоо насыялык негизде гана жүргүзүлөт (1.1 млрд доллар). Өз кезегинде, КЭР өкмөтү 102.9 млн долларлык грантты Бишкек шаарындагы көчөлөрдү оңдоо боюнча долбоорлорго берген болсо, «Ош – Эркештам» унаа жолун курууну биргелешип каржылоого макулдашкан.

Азия Өнүктүрүү Банкы дагы КРнын жол тармагында активдүү донор болуп саналат: банк жалпысынан 642.6 млн доллар бөлгөн, анын 156.1 млн доллары гранттык каражаттар. Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (CAREC) демилгесинин алкагында Азия банкы «Бишкек – Ош», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Бишкек – Алматы», «Түндүк – Түштүк» жолдорунун бөлүктөрүн курууну жана калыбына келтирүүнү каржылаган.

Япония – Кыргызстандын жол тармагындагы үчүнчү ири донор. Жалпысынан 1992-2020-жылдар аралыгында ал 316.9 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөн, анын 76.69 млн доллары грант түрүндө берилген. Япониянын эсебинен «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо, «Бишкек – Ош» авто жолун калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каржыланган. Учурда Япониянын жардамынын эсебинен Үрмарал дарыясына көпүрө куруу, «Бишкек – Ош» унаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкүсүн тосууга арналган курулуштардын жабдуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 17-февралындагы №61 жарлыгы менен 2026–2034-жылдарга Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны бекитти. Ошондой эле ал программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасын бекитти. Бул чечим калкты футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык катыштырууну камсыз кылуу, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында саламат жашоо

Өзгөн районунда муниципалдык мал базар үчүн 8,83 гектар трансформацияланат

Өзгөн районунда муниципалдык мал базар үчүн 8,83 гектар трансформацияланат

МинКаб 2026-жылдын 10-февралындагы №72 токтому менен Өзгөн районунун аймагындагы муниципалдык мал базар куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоону бекитти. 8,83 гектар аянтты ээлеген бул жер тилкеси Жазы айыл аймагында жайгашкан. Бул жер мурда мамлекеттик менчигинде болуп, "Суу фондунун жерлери" категориясына кирген. Токтомго ылайык, тилке "Өнөр-жай, транспорт, байланыш,

Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосун өткөрүүгө даярдык маселелерине арналган Республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов каттоо толугу менен электрондук форматта өтөрүн маалымдап,

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

"Чакан ГЭС" ААКсы Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation менен келишим түзгөнүн коомдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, адистер долбоордук-сметалык документацияны даярдоого киришти. Долбоор станциянын жабдууларын жаңылоону, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну жана пайдалануу мөөнөтүн узартууну карайт. Иш-чаралар ишке ашырылгандан кийин төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү пландалып