Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

"Чакан ГЭС" ААКсы Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation менен келишим түзгөнүн коомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, адистер долбоордук-сметалык документацияны даярдоого киришти.

Долбоор станциянын жабдууларын жаңылоону, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну жана пайдалануу мөөнөтүн узартууну карайт. Иш-чаралар ишке ашырылгандан кийин төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү пландалып жатат:

  • орнотулган кубаттуулук 7,6 мегаватттан 10 мегаваттка чейин көбөйөт;
  • жылдык электр энергиясын өндүрүү 37,2 миллиондон 53,5 миллион киловатт-саатка чейин өсөт (өсүш болжол менен 44%ды түзөт);
  • гидроэлектр станциясынын жалпы ишенимдүүлүгү жогорулайт.
Лебединовка ГЭСи Чүй облусундагы эң эски станциялардын бири болуп саналат. Анын курулушу 1942-жылдын май айында башталган. Негизги иштер катаал кыш мезгилине туш келген. 7 миңден ашуун аялдар жана балдар тоңгон жерди кол менен казып, пайдубалды сактап калуу үчүн күн сайын 200 куб метрге чейин жер алдындагы сууну сордуруп турушкан.

Курулуш бир жыл эки жумага созулган. 1943-жылы Фрунзе шаары (азыркы Бишкек) өтө зарыл болгон электр энергиясына ээ болгон. Бул эвакуацияланган заводдорду ишке киргизүүгө мүмкүндүк берип, алар фронтту камсыздап турган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media