Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосун өткөрүүгө даярдык маселелерине арналган Республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов каттоо толугу менен электрондук форматта өтөрүн маалымдап, маалыматтар каттоочулардын мобилдик тиркемелери аркылуу чогултулуп, Улутстаткомдун борбордук серверине корголгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлөрүн билдирди. Бул маалыматтардын купуялуулугун жана ыкчам иштетилишин камсыз кылат.

Маалымат жыйынында каттоого карата бир катар даярдык иштери аткарылганы белгиленди. Каттоо формалары тиешелүү ведомстволор жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен макулдашылып, 2024-жылы өткөрүлгөн пилоттук каттоонун жыйынтыгынын негизинде методология жана программалык камсыздоо жакшыртылган. Ошондой эле 2025–2026-жылдары персоналды даярдоонун көп баскычтуу системасы ишке ашырылып, биринчи этапта 200дөн ашык адис окутулган.

Республика боюнча каттоого 6 791 убактылуу кызматкер тартылат. Алардын ичинде регистраторлор, каттоочулар, инструктор-контролерлор жана координаторлор бар. Персоналды тартуу графигине ылайык, координаторлор февраль айында, ал эми негизги кызматкерлер март–апрель айларында ишке киришет.

Жыйындын соңунда Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана фермерлерди колдоого багытталган мамлекеттик программаларды так пландаштыруу үчүн маанилүү экенин белгилеп, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары каттоону уюштурууга жеке жоопкерчиликтүү экенин баса көрсөттү.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, айыл чарба каттоосу 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен