Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 17-февралындагы №61 жарлыгы менен 2026–2034-жылдарга Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны бекитти.

Ошондой эле ал программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасын бекитти.

Бул чечим калкты футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык катыштырууну камсыз кылуу, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында саламат жашоо образынын калыптанышына шарт түзүү максатында кабыл алынган.

Программанын ишке ашырылышына катышкан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу менен), ошондой эле юридикалык жактардын бирикмеси — Кыргыз футболчулар союзу (макулдашуу менен) төмөнкүлөр тапшырылды:

  1. Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө так аткаруу үчүн катуу чараларды көрүү;
  2. Ар жыл сайын иш-чаралар планынын негизинде өз иш планын түзүп, аткаруу;
  3. Ар жарым жылдык жыйынтык боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-числосуна чейин, иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты МинКаб алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине тапшыруу.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media