Эми унаалардын айнегин караңгылатуу – 50 миң сом болот

Эми унаалардын айнегин  караңгылатуу – 50 миң сом болот

Министрлер кабинети унаа ээлеринен акы төлөнүүчү караңгылатуу (тонировка) үчүн 50 миң сом алууну көздөөдө. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Эскерте кетсек, мындай демилгени Экономика министрлиги республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында көтөрүп чыккан болчу.

Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Башкармалык ошондой эле мисал катары өткөн жылдын 11 айында жол кайгуул кызматы айнекти караңгылатуу боюнча 2559 протокол түзгөнүн айтты.

Эгерде бул демилге жактырылса, тонировкалоого акы төлөнүүчү уруксаттын баасы Министрлер кабинети тарабынан аныкталмак. Бекешевдин билдиргенине караганда, бул баа аныкталды жана ал 50 миң сом болот.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 17-февралындагы №61 жарлыгы менен 2026–2034-жылдарга Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны бекитти. Ошондой эле ал программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасын бекитти. Бул чечим калкты футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык катыштырууну камсыз кылуу, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында саламат жашоо

Өзгөн районунда муниципалдык мал базар үчүн 8,83 гектар трансформацияланат

Өзгөн районунда муниципалдык мал базар үчүн 8,83 гектар трансформацияланат

МинКаб 2026-жылдын 10-февралындагы №72 токтому менен Өзгөн районунун аймагындагы муниципалдык мал базар куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоону бекитти. 8,83 гектар аянтты ээлеген бул жер тилкеси Жазы айыл аймагында жайгашкан. Бул жер мурда мамлекеттик менчигинде болуп, "Суу фондунун жерлери" категориясына кирген. Токтомго ылайык, тилке "Өнөр-жай, транспорт, байланыш,

Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосун өткөрүүгө даярдык маселелерине арналган Республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов каттоо толугу менен электрондук форматта өтөрүн маалымдап,

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

"Чакан ГЭС" ААКсы Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation менен келишим түзгөнүн коомдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, адистер долбоордук-сметалык документацияны даярдоого киришти. Долбоор станциянын жабдууларын жаңылоону, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну жана пайдалануу мөөнөтүн узартууну карайт. Иш-чаралар ишке ашырылгандан кийин төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү пландалып