Эксперт: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча Кытай менен бир дагы документке кол коюлган жок

Эксперт: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча Кытай менен бир дагы документке кол коюлган жок

Президент Садыр Жапаровдун Пекинге болгон иш сапарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу багытында Кытай менен бир дагы документке кол коюлган жок. Буга Кыргызстандагы саясий туруксуздук негизги себептерден болду. Мындай оюн кыргыз-кытай мамилесине көз салып келе жаткан илимпоз, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги академиясынын изилдөөчүсү Нива Яу «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

Нива Яу өзүнүн маегинде бул долбоор тууралуу дээрлик 20 жылдан бери сөз болуп келе жатканын, өткөн жылы Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги курулуш иштерине көмөктөшүү үчүн каржылык жардам көрсөтө аларын билдиргенин, ошондой эле чек аранын эки тарабында тең – Өзбекстанда да, Кытайда да – поезддер жана темир жолдор дээрлик даяр болуп калганын, бир гана Кыргызстандын аймагында гана инфраструктура жок экендигин айтат.

«Жапаровдун Пекинге сапарынын алдында Кытай тарапка конкреттүү сунуштарды берүү үчүн бир топ иштер жасалган. Андыктан мен Кытай бул сунуштарды эске алат жана кандайдыр бир документтерге кол коюлат деп күтүп жаткам. Бирок бул багытта бир дагы документке кол коюлган жок.

Менимче, Кыргызстандагы саясий туруксуздук негизги себептердин бири. Кеп акча жөнүндө эле эмес, «Саясий жетекчилик мындай ири инфраструктуралык долбоорго жагымдуу шарт түзүп бере алабы?» деген суроодо», – деген эксперт, Твиттердеги өзүнүн баракчасында «кыргыз тарап бул долбоорго байланыштуу Кытайдын убадасын ала албады» деп жазган.

Анын айтымында, Кытай Кыргызстандагы бизнес чөйрөнүн абалына тынчсызданып жатат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Кытайдын CGTN эл аралык телеканалына берген маегинде жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталаары тууралуу айткан эле.

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандан Кытайга соя экспорттоо боюнча протокол, маданият, маалымат жана спорт тармагында кызматташуу тууралуу программа, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды