110 миң үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген баада төлөйт
«Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган 110 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген баада, тагыраак айтканда, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйындан арзандатылган тариф менен төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.
Республика боюнча 353 миң 835 бала жашаган «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган 110 миңден ашык үй-бүлө ушул жылдын 1-январынан тарта айына 700 кВт саатка чейин керектөө менен 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөшөт.
Социалдык жардамдын бул түрү 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө каралган.