Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү жана электрондук сооданын катышуучулары (селлерлер) үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, электрондук соода аянтчаларынын, тигүү тармагынын жана профилдик ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда катышуучуларга электрондук эсеп-фактуранын (ЭЭФ) жаңы формасы сунушталып, аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү жана бекитилген тартиби боюнча толук түшүндүрмөлөр берилди. Кубанычбек Ысабеков белгилегендей, ЭЭФтин жаңы формасы бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан үзгүлтүксүз ташып чыгууга багытталган.

Салык кызматынан белгилешкендей, электрондук эсеп-фактура товарга менчик укукту өткөрбөстөн, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда коштомо документ катары таризделет жана салыктык милдеттенмелерди жаратпай тургандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле инспекторлор сатуучунун эсебине акча түшкөндө, бирдиктүү эсеп-фактураны отчеттук айдан кийинки айдын 10 иш күнүнөн кечиктирбестен электрондук түрдө тариздөө керектигин эскертти.

Салык кызматы салык сабаттуулугун жогорулатуу жана салык мыйзамдарын туура колдонуу максатында мындай түшүндүрүү иштерин жана окутуу семинарларын туруктуу негизде өткөрүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Жакартада өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференциянын (WCCE 2026) алкагында Кыргызстан менен Камбоджанын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Беназир Нурланова, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Креативдүү индустриялар паркынын төрагасы Данияр Аманалиев катышты. Камбоджадан - Маданият

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media