Кыргызстанда 2025-жылы электромобилдер саны 9 870 жеткен

Кыргызстанда 2025-жылы электромобилдер саны 9 870 жеткен

2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 961ди түзгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. 

Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 млн 697 миң 100 унаага салыштырмалуу 13%га өскөнүн көрсөтөт. Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй:

  • 972 миң 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%);
  • 57 миң 310 – газ менен жүргөн унаалар (3%);
  • 339 миң 938 – дизель унаалары (18%);
  • 56 миң 997 – газ/бензин аралаш (3%);
  • 37 миң 295 – гибрид унаалар (2%);
  • калганы – башка түрлөрү.
2025-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 15 миң 278 электромобиль катталды, бул жалпы унаалардын 0,8 пайызын түзөт. Акыркы жылдардагы өсүү динамикасы туруктуу экенин белгилей кетүү зарыл:
  • 2022-жылы – 1 113 электромобиль;
  • 2023-жылы – 2 310 электромобиль;
  • 2024-жылы – 3 122 электромобиль;
  • 2025-жылы – 9 870 электромобиль.

Ошондой эле автопарктын жаңылануу тенденциясы байкалууда. 2024-жылы заводдон чыкканына 5 жылга чейинки унаалардын үлүшү 1,5%ды түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 4,5%га жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media