Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

21-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш сапардын алкагында министр "Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол" автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Жолдун 87–140-чакырым аралыгындагы тилкелерде, анын ичинде көпүрөлөрдө аткарылып жаткан жумуштар текшерилди.

Сапардын жүрүшүндө министр жол курулушун ылдамдатуу, аны белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү жана объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөп, сапатты жана мөөнөттүүлүктү камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат