2021-жылы электр энергиясын импорттоого 3.4 млрд сом бөлүндү
Жыл башынан бери электр энергиясын импорттоого 1.2 млрд сом бөлүнгөн. 2021-жылы болсо бул тармакка 3.4 млрд сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы экономиканын толук кандуу иштеши үчүн Кыргызстанга 6 млрд кВт/саат электр энергиясы жетишпей жатканын айтты. Анын айтымында, жалпысынан учурда 3 млрд кВт/саат тартыштык бар, бирок ал импорттун эсебинен жабылууда. Дагы 3 млрд кВт/саат жаңы ишканаларды ишке киргизүү үчүн жетпей жатат.
«Ата мекендик бизнес, эл аралык өнөктөштөр көптөгөн долбоорлорду ишке киргизүүгө даяр, бирок республика аларды электр энергиясы менен камсыздай албайт. Биздин республика Борбор Азия чөлкөмүнүн дарыяларынын башында жайгашып, суу-энергетикалык ресурстарынын генератору болуп саналат», – деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы бул долбоорлор 1.5 млрд долларга бааланганын белгиледи.
Анын айтымында, суунун тартыштыгынан жана мүмкүнчүлүктөр чектелгендиктен, Кыргызстан электр энергиясын импорттоого мажбур болууда. «Калктын жакыр катмарын колдой турган каражатка электр энергиясын импорттоого багыттоого аргасыз болуп жатабыз», – деди ал.