2021-жылы МСК салыктарды убагында төлөбөгөндүгү үчүн дээрлик 4 миң айып салган
2021-жылы Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 3.9 миң айып салынганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын 1-январына карата салык карызынын суммасы 25.2 млрд сомду, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз 2 млрд 37.3 млн сомду түзгөн.
Республиканын салык органдары 2021-жылы карызды мажбурлап өндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында салык карызы боюнча 5 млрд 397.9 млн сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздан 1 млрд 386.1 млн сом түшкөн.
Учурда Мамлекеттик салык кызматы карыздын негизги суммасы төлөнгөн учурда чегерилген айыптарды, санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жолу менен салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү иштерин жүргүзүүдө.