Азиз Аалиев: Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык

Азиз Аалиев: Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык

Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда эле алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз бийлиги тарабынан тышкы башкаруу киргизилгенге чейин Кыргызстан орточо эсеп менен 3-4 млн доллар дивиденд алып турган.

«Кумтөрдөн өткөн жылы 7 айда эле алтын түрүндө 200 млн доллар киреше алдык. Жакынкы арада юридикалык маселелер чечилип, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын балансына өтсө, анда биздин эсептөөлөр боюнча, мамлекеттин Кумтөрдөн түшкөн кирешеси 400-500 млн долларга чейин көбөйөт», – деди ал.

Ошондой эле Аалиев 2021-жыл мамлекет үчүн оор болгонун, энергетикалык каатчылык, кургакчылык, азык-түлүк коопсуздугу маселеси, күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы электромобилдер саны 9 870 жеткен

Кыргызстанда 2025-жылы электромобилдер саны 9 870 жеткен

2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 961ди түзгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 млн 697 миң 100 унаага салыштырмалуу 13%га өскөнүн көрсөтөт. Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй: * 972 миң 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%); * 57

Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

21-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын алкагында министр "Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол" автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Жолдун 87–140-чакырым аралыгындагы тилкелерде, анын ичинде көпүрөлөрдө аткарылып жаткан жумуштар текшерилди.

Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү жана электрондук сооданын катышуучулары (селлерлер) үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, электрондук соода аянтчаларынын, тигүү тармагынын жана профилдик ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда катышуучуларга электрондук эсеп-фактуранын (ЭЭФ) жаңы формасы сунушталып, аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү

Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү

Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү

Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда 17-19-февраль күндөрү мазмундуу жана практикага багытталган окуу семинарлары өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Семинарлар айыл чарба малдарын туура багуу, рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма жол менен уруктандыруу багытында фермерлердин жана тармак