КРнын Соода-өнөр жай палатасына дагы 43 компания кошулду
КРнын Соода-өнөр жай палатасына дагы 43 компания кошулду. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.
Палата мүчөлөрдүн басымдуу бөлүгү Ош облусунан, тогузу Бишкекте катталганын жана дагы бирөө түркиялык компания экенин маалымдады.
Компаниялар баалуу металлдарды казуу (алтын, жез ж.б.), туризм, мейманкана кызматтары, кайра иштетүү, тигүү продукциясы, соода, транспорттук логистика, бал өндүрүү, агрардык сектор, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу сыяктуу ишмердүүлү менен алектенишет.
Мүчөлүк тууралуу күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу бүгүн, 11-февралда Палатанын кезектеги Президиумунда өттү.