Кыргызстандын ИДПсы январь айында 1%га өстү
Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) январь айында алдын ала эсептөөлөр боюнча 2021-жылдын ушул айына салыштырмалуу 1%га өсүү менен 37 млрд сомдон ашык сумманы түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
«Кумтөр» ишканаларын эсепке албаганда, өлкөнүн экономикасынын көлөмү 35 млрд сомдон ашыкты түзүп, 1.1%га өстү.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын ИДПсы 2021-жылдын аягында 2020-жылга салыштырмалуу 3.6%га өскөн. 2020-жылы экономикалык төмөндөө рекорддук чекке, тагыраак айтканда, 8.6%га жеткен болчу. Белгилей кетсек, КРда экономикалык жигердүүлүк орточо деңгээлде калыбына келүүдө.