Өткөн жылы мамлекеттик ишканалар 10 млрд сомдон ашык киреше алышты
Мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор өткөн жылдын аягында 10 млрд сомдон ашык таза киреше алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунан маалымдашканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 6 млрд сомго, 2019-жылга салыштырмалуу 5 млрд сомго көп.
2021-жылы мамлекеттик ишканалардын ишинде да оң динамика байкалып, алар жалпы таза кирешеси 2 млрд сомдон ашык киреше алышкан. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 914 млн сомго жана 2019-жылга салыштырмалуу 1 млрд сомго көп.