Өткөн жылы Кыргызстанга импорттук түшүүлөр 50%га өскөн
2021-жылы Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 27%га өсүп, 7.2 млрд долларды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.
Мында экспорттук жеткирүүлөр 16%га кыскарса, импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 50%га өскөн.
Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмү өткөн жылы 3.4 млрд долларды түздү (2020-жылга салыштырмалуу +41%). Экспорттук жеткирүүлөр 45%га, импорттук түшүүлөр 39%га өскөн.
Республиканын ЕАЭБдеги негизги соода өнөктөштөрү мурдагыдай эле Россия (жалпы соода көлөмүнүн дээрлик 67%) жана Казакстан (31%) болуп саналат.