Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы 25 миң сомго чейин көтөрүлөт
Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысы 40%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, маяналары көбөйтүлгөндөн кийин троллейбустун айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.
Борбордун мэри Айбек Жунушалиев айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишине мониторинг жүргүзүлгөндөн кийин ушундай тапшырма берген. Муниципалитет бул кызматкерлердин эмгегинин натыйжалуулугун жогорулатат деп ишенет.