Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

2025-жылы чет мамлекеттерде каза болгон 456 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, бул максатка 53 миллион сом жумшалган.

"Бизде атайын бюджет бар, Финансы министрлиги жыл сайын каражат бөлөт. Мисалы, Орусиядан сөөктү алып келүү 70 миң рубль турат, АКШдан — 8 миң доллар. Ар бир өлкө боюнча баа учак билеттеринин наркына жараша өзгөрөт. Мурда чет жерде каза болгон жарандарыбыз үчүн каражатты диаспоралар чогултчу. Азыр жарандар бизге кайрылса, бир күндүн ичинде акча которуп бере алабыз", — деди ал.

Өз кезегинде депутат Болот Сагынаев айрым өлкөлөрдүн элчиликтери өз жарандары каза болгон учурда көрүстөндөн жер тилкесин бөлүү боюнча чет мамлекеттер менен алдын ала келишим түзөрүн белгиледи. Ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин да бул маселе боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда 25 мыйзамсыз объект аныкталды

Ош облусунда 25 мыйзамсыз объект аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы унаа жолдорунун жээктеринде мыйзамсыз жайгашкан соода жана тейлөө объектилерин аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек – Ош жана Өзгөн

Оштогу Курманжан Датка көчөсү эки күнгө жабылат

Оштогу Курманжан Датка көчөсү эки күнгө жабылат

Жол куруу иштерине байланыштуу 18-19-августта Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Джиннах көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тилкеде жолдун асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу коомдук транспорттордун, троллейбустардын жана башка унаалардын жүрүүсүнө убактылуу

Быйыл өлкөдө 65 айыл чарба чарба кооперативи түзүлдү

Быйыл өлкөдө 65 айыл чарба чарба кооперативи түзүлдү

2026-жылы республика боюнча жалпы 683 гектар жер аянты менен 65 айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө ишке кирди. Анын ичинен Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Чүй облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 8, Ош облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 2 жана Талас облусунда 18 кооператив түзүлдү. Айыл чарба

Бишкек – Нарын – Торугарт айланма жолу кеңейтилүүдө

Бишкек – Нарын – Торугарт айланма жолу кеңейтилүүдө

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында жаңы айланма жолдун курулуш иштери жүргүзүлүүдө. “Кыргызавтожол-Түндүк”  ишканасынын маалыматына ылайык, аталган айланма жол Бишкек, Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа багытындагы жолдорду байланыштырып, унаа кыймылын иретке келтирүүгө багытталган. Жаңы айланма жол 500 метрге төрт тилкелүү болуп курулууда. Жолдун үстүнкү катмары саббейс материалы