Кумтөр боюнча Centerra менен сүйлөшүүлөр 15-мартка чейин аяктайт
Кыргызстан Кумтөр боюнча канадалык Centerra компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн 15-мартка чейин аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтканына таянсак, февралдын аягынан 15-мартка чейин эки тараптын ортосундагы Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрү аяктайт.
«Биз бардыгына, анын ичинде парламентке да маалымат беребиз. Жыйынтыгын президент өзү жарыялайт. Тышкы башкарууну киргизгенибизде 48 миң доллар бар эле. Көрсө, алар акыркы төрт-беш жылдан бери акчаны чет өлкөдө сактап жүрүшкөн экен. Алар эртедир-кечтир кенди алып коюшат деп ойлошкон. Бирок алтындын баасы көтөрүлүп кеткендиктен кеткиси келбей жүрүшкөн», – деди ал.
Министрлер кабинетинин башчысы маалымат жыйынында айрым суроолор кайсы бир компаниянын коммерциялык сырына же мамлекеттик сырга тиешелүү болсо, аларга жооп бере албай турганын билдирди.