Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматкери коррупцияга шектелип кармалды
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип, тергөө абагына камакка алынган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктаган.
Берилген маалыматка таянсак, Мамытов УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кармалып, ал 8-мартка чейин камакка алынган.
Ал эми ОКӨФ бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Эскерте кетсек, Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында жумушка киришкен.