КР менен Кореянын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 113 млн долларга жетти

КР менен Кореянын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 113 млн долларга жетти

КР менен Кореянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү өткөн жылы дээрлик 113 млн долларга жетти. Бул тууралуу дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам дүйнө кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп, адамдардын ишмердүүлүгү жана экономикалык активдүүлүгү олуттуу чектелген.  

«Бирок мындай жагдайларга карабастан, биз саясий кызматташтыкты жөндөндүрө алдык. Эки тараптуу экономикалык мамилелерди кеңейтүү, Кыргызстанга инвестицияларды жана туристтерди тартуу, кыргыз продукциясын Кореяга экспорттоо боюнча иштер улантылды. Өткөн жылы 112 млн 990 миң доллар соода жүгүртүү менен рекорддук көрсөткүчкө жеттик. Элчи болуп иштеп турганда биздин Элчилик тарабынан себилген «үрөндөр» жакынкы аралыкта өнүп чыгат деген үмүттөмүн», – дейт Элчи.

Эскерте кетсек, Динара Кемелова КРнын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Сеул шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Въетнамдагы Элчиси кызматынан бошотулду. Анын ордуна Аида Исмаилова дайындалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды