5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү
Финансы министрлиги өлкөдөгү каржылык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтык билдирүү жасады.
Маалыматта 2020-жылдан 2025-жылга чейин бюджет 4,5 эсеге өскөнү айтылат. Тагыраагы, 247,8 млрд сомдон 1 трлн 104,2 млрд сомдук көрсөткүчкө жеткен.
- 2022-2026-жылдары бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акылары 2 этап менен жогорулатылган. Мисалы, мугалимдердики орточо 25 300 сомдон 52 500 сомго, дарыгерлердики 33 600 сомдон 60 400 сомго жогорулаган.
- 2022-2026-жылдар аралыгында курулушка жана инфрасктураны өнүктүрүүгө 198 млрд сом бөлүнгөн.
- Ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген насыялардын саны 1ден 13кө чейин өскөн.
- Сүт багытын өнүктүрүү үчүн 7 300дөш ашуун фермерге 934,6 млн сом кайтарымсыз каржылык жардам берилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу