Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

Бишкекте өлкөнүн жеке секторун өнүктүрүүгө багытталган изилдөө сунушталды. Анда орто мөөнөттүү келечекте Кыргызстанга 500 млн доллардан ашык жеке инвестиция тартуу жана 67,6 миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү белгиленген. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, изилдөө 2026-жылдын 19-ноябрында министрлик тарабынан Дүйнөлүк банк тобу менен биргеликте сунушталды.

Өлкөнүн жеке секторунун диагностикасы (CPSD) төрт негизги тармактын инвестициялык дараметин ачууга багытталган. Алар: мөмө-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү, жаратылышка негизделген туризм, тигүү өндүрүшү жана форель өстүрүү.

Изилдөөгө ылайык, мөмө-жемиш тармагына 250 млн долларга чейин инвестиция тартылып, 24 миңге чейин жумуш орду түзүлүшү мүмкүн. Туризм тармагында 220 млн доллар инвестиция жана 20,8 миң жумуш орду, тигүү өндүрүшүндө 78 млн доллар жана 14,4 миң жумуш орду, ал эми форель өстүрүүдө 70 млн доллар жана 8,4 миң жумуш орду түзүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Министрдин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, өкмөт ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана бизнеске болгон административдик жүктү азайтуу боюнча иштерди жүргүзүп келет.

Изилдөөнүн жыйынтыктары бул багыттагы реформаларды улантууга жана ишкерлердин муктаждыктарына жараша колдоо чараларын өркүндөтүүгө жардам берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат