«Мамлекеттик ипотекалык компания» насыя берүүнү улатат

«Мамлекеттик ипотекалык компания» насыя берүүнү улатат

2022-жылдын 21-февралынан тартып «МИК» ААК өнөктөш-банктар аркылуу «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «Жеңилдетилген ипотека» жана «Арзан ипотека» багыттары боюнча ипотекалык кредиттерди каржылоону жана берүүнү улантат.

«Жеңилдетилген ипотека» жана «Арзан ипотека» багыттары боюнча электрондук порталында бекитилген программанын бардык катышуучулары, «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Бакай Банк» ААК филиалдарына кайрылса болот.

«МИК» ААК билдиргендей, ипотекага суроо-талаптын жогору болушуна жана финансылык ресурстардын чектелишине байланыштуу каржылоо төмөндөгүдөй түрдө ишке ашырылат:

  1. Банктын кеңсесине барганда Банктын кызматкери Сиздин арызыңызды электрондук порталда «МИК тарабынан жактырылды» деген статусу бар-жоктугун текшерет жана «Банктын кароосунда» деген статусун коет (учурда, статустун белгиленген күнү жана убактысы электрондук порталга жазылат, кошумча SMS–билдирүү жөнөтүлөт).
  2. «Банктын кароосунда» деген статусунун белгиленген убактысы жана датасы боюнча «МИК» ААКтын электрондук порталы ипотекалык кредиттерди каржылоого арыздардын кезегин автоматтык түрдө белгилейт.
  3. Документтерди толук чогултуу жана турак жайды издөө үчүн  кошумча «Турак-жай издөөгө жана Банкка документтерди тапшырууга Сизге 20 күн берилет» деген SMS–билдирүү келген учурдан баштап 20 календардык күндөн ашык эмес убакыт берилет. Эгерде, белгиленген мөөнөттө керектүү документтерди чогултууга жана турак жай табууга үлгүрбөсөңүз, учурдагы каржылык ресурстардын чектелгенин эске алуу менен арызыңыздын статусу өзгөрүлөт. Бул учурда Сиз Банкка кайрадан кайрылууңуз керек, бирок бул учурда арызыңыздын статусту «Банктын кароосунда» деп өзгөрүлөт, электрондук порталда статусту белгилөөнүн жаңы датасы жана убактысы жазылат.
  4. Банк тарабынан жактырылган баардык катышуучулардын ипотекалык кредит алууга арыздары «МИК» ААК тарабынан белгиленген мөөнөттө каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды