Турак жай жана эл каттоону өткөрүүгө 28 миң адам тартылат – Улутстатком

Турак жай жана эл каттоону өткөрүүгө 28 миң адам тартылат – Улутстатком

Каттоо саамалыгына Кыргызстандын бардык аймактарынан дээрлик 28 миң адам тартылат. Бул тууралуу Улутстаткомдон билдиришти.

Алардын арасынан 25 миңи каттоочулар. Алардын бардыгында Android-5 жана андан жогорку мобилдик аппарат болот.

Улутстаткомдон билдиришкендей, эл жана турак-жай фондун каттоо баракчасы өзүнө беш суроолор тизмегин камтыйт. Беш суроолор тизмегинин төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кетишкен адамдарга ылайык иштелип чыккан. Негизинен, суроолор тизмеги 40тан ашык суроолордон турат.

Суроолор жеңил: үй-бүлөдө канча адам жашайт, кандай шартта жашашат, үйдүн дубалдары эмне материалдан жасалган, жашагандардын билим деңгээли, жаш курагы, белгиленген жерде канча убактан бери жашап жатышкандыгы, тиричилик кылуудагы каражаттарынын булактары, кайсы тил эне тили болуп саналгандыгы, дагы башка кандай тилдерде сүйлөй ала тургандыгы, учурда иштеп жатышабы же жумуш издеп жатышабы жана башкалар. Үй-бүлөдө бир адам бардык адамдар үчүн жооп бергенге мүмкүнчүлүк берилет.

  • Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда эл жана турак-жай фондун каттоо өтөт. Бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара салттуу түрдө ар он жылда бир өтөт. Бул жолку эл каттоо Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакта үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. КРнын биринчи улуттук эл жана турак-жай фондун каттоо 1999-жылы өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды