Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон грант берилди

Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон грант берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Баткенде аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттарды тапшыруу аземине катышты.

Жапаров билдиргендей, бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда ишке кирген жана ал бүтүндөй республика боюнча ишке ашырылат.

«Алынган гранттар сиздин ийгилигиңизге жана бакубат жашооңузга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Сиздер тапшырган бизнес-пландардын арасында асыл тукум мал жана канаттууларды өстүрүү, тигүүчүлүк, ширетүүчүлүк боюнча демилгелер бар. Эң негизгиси, грант өз максатында жумшалып, бизнес-идеяңызды ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет», – деди Акылбек Жапаров.

  • Баткен облусунда 14 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат, 45 миң 396 бала 810 сомдон жөлөк пул алат.

Маалымдама

«Социалдык контракт» – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, анын алкагында аяр катмардагы үй-бүлөлөр гранттык каражаттарды, ошондой эле финансылык сабаттуулукка окутууну, бизнес-план түзүүгө көмөк көрсөтүүнү, кесиптик же айыл чарбалык билим берүүнү, ийгиликтүү узак мөөнөттүү бизнес үчүн коомдук кызматтарды жана насааттарды камтыган комплекстүү колдоо пакетин алат. 

Долбоор айыл чарбасы, тигүү кызматтары сыяктуу ишмердүүлүк жана башка демилгелер үчүн бизнес-идеялары, башталгыч активдери жана базалык билими бар жакырчылыктын чегинде жашаган үй чарбаларына багытталган.

Айрым учурларда социалдык контракттар жергиликтүү бизнес жана жеке ишкерлер менен өнөктөштүктө ишке ашырылат, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн туруктуу иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды