Эдил Байсалов ОшМУга барып сүрөткө түшүп келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барып, алардын иши менен жөн гана таанышып келди. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады. 

Атап айтканда, ал индустриалдык-педагогикалык колледждин алдыңкы тажрыйбалар борборунун жана ОшМУнун медициналык клиникасынын иши менен таанышты.

Эдил Байсалов окуу жайдын жетишкендиктери менен таанышып, санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу кеңири маалымат алды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды