Көп жүргүзүлгөн интервенциялардан улам Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго чейин өстү – Бөкөнтаев

Көп жүргүзүлгөн интервенциялардан улам Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго чейин өстү – Бөкөнтаев


Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Улуттук банктын кирешеси 2018-жылдагы 2.1 млрд сомдон 2021-жылы 10.9 млрд сомго чейин кантип өскөнүн айтып берди.

Бөкөнтаевдин айтымында, кирешенин мындай көлөмү чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан, тактап айтканда, курстук айырманын эсебинен келген.

«Көптөгөн интервенциялар бизге ушундай киреше алып келди», – деди ал.

Улуттук банктын башчысы 2021-2022-жылдардагы кирешенин 90%ын республикалык бюджетке которуу боюнча мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.

«Бул мыйзам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында демилгеленген. Мунун баары учурда биз пандемиянын кесепеттерин баштан кечирип жатканыбызга байланыштуу. Ошондуктан бизге 10% эле калганына карабай, бул долбоорду колдойбуз»,  – деди Бөкөнтаев.

  • Белгилей кетсек, Улуттук банктын январь айында кирешеси 2021-жылдын январь айына (1 млрд сом) салыштырмалуу үч эсеге көбөйүп, 3.1 млрд сомду түзгөн. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланган.

Улуттук банктын активдери 297.8 млрд сомду (2020-жылга карата +25.5 млрд сом) түздү. Милдеттенмелер 237.4 млрд сом (+36.3 млрд) деңгээлинде түзүлгөн. Жөнгө салуучунун жалпы капиталы 60.4 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды