«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин жеткирүү тапшырылды

Финансы министрлигине 2022-жылы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин жеткирүү тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» ААКтын уставдык капиталы 100 млн сомду түзөт. Анын уюштуруучусу Финансы министрлиги болуп саналат.

Финансы министрлиги коомдун уставын жана уставдык капиталын бекитти. Уставга ылайык, ал холдингдик компания катары коомдун менчигинде же башкаруусунда турган юридикалык жактарды натыйжалуу башкарат.

«Компания мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендерди жана башка кендерди иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, инвестициялык жана инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу, жаңы технологияларды жана башкаруунун алдыңкы ыкмаларын киргизүү менен алектенет», — деп айтылат билдирүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды