Бишкекте рубль 1 сомдон төмөндөдү

Украинадагы окуялардан улам Бишкекте рублдин сатып алуу курсу 1 сомдон төмөн түштү. Бул тууралуу valuta.kg порталынын маалыматы тастыктайт.

Бүгүн рублдин сатып алуу курсу 0.83 сомду, сатуу курсу 1 сомду түздү. Кечээ эле, 23-февралда 1 рубль 1.06 сомдон сатылып алынып, 1.09 сомдон сатылган.

  • Белгилей кетсек, рубль арзандап жатат.

Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, рублдин долларга жана еврого карата курсу кескин төмөндөп, Украинадагы окуялардын фонунда Москва биржасынын индекси 11%га ылдыйлады. Доллар 84 рублдан, евро 95 рублдан ашты.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Украинада «атайын операциялар» башталганын билдирген. Таңкы саат 5:00 чамасында Украинанын бир катар шаарларында катуу жардыруу болду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды