Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 390 млн сомду мыйзамсыз жумшаган

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 390 млн сомду мыйзамсыз жумшаган

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) 2020-жылы 390 млн сомду максатсыз жумшаган. Бул жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталганын бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмаз Акматов билдирди.

Эсептөө палатасы бул каржылык бузуулар 2020-жылы пандемия учурунда болгонун жана каражаттар максатсыз пайдаланылганын белгиледи.

«Жалпысынан каржылык бузуулар 390 млн сом болгон. Анын ичинен финансылык каржы бузуулар 37.3 млн сомду түзгөн, анын ичинде жетишпестиктер, эмгек акысын негизсиз төлөөлөр бар. Ошондой эле 226.7 млн сом бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталган, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 127.4 млн сомду түзгөн», – деди Акматов.

Депутат Айбек Осмонов учурда канчасы калыбына келтирилгени тууралуу сурады. Акматов ар бири өзүнүн беренелери боюнча калыбына келтирип жатышканын белгилеп, эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча алды 60%дан аркасы 5%дан төлөгөнүн билдирди.

«Материалдык баалуулуктардын жетишпестиги боюнча 2.5 млн сом аныкталган, калыбына келтирилгени болгону 222 миң гана сомду түзгөн, бул 10%дын гана тегерегинде. Аткарылышы бүгүнкү күнгө карата жакшы эмес. Баарына жазма буйруктар берилген, эгер төлөбөсө органдарга өткөрүлүп берилет», – деди Эсептөө палатасынын төрагасы.

Белгилей кетсек, жыйында «КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды