Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карызы 181 млн сом – Жуманазаров

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК фонду) карызы 181 млн сомду түздү. Бул тууралуу ММК фондунун жетекчиси Артурбек Жуманазаров бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, ушул эле жыйында ММК фонду 2020-жылы 390 млн сомду максатсыз жана мыйзамсыз жумшаганын Эсептөө палатасы билдирди. Аталган каржылык мыйзам бузуулар тууралуу суроолорго жооп берип жатып Жуманазаров фонддун учурдагы карызы көп экенин айтты.

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карызы 181 млн сом болду. Учурда акча түшкөн сайын материалдык резервге төлөп жатабыз», – деди ал.

Улан Примов катардагы дарыгерлердин эсебинен эмес, убагында мыйзамсыз чечимдерге жол берген мекеме жетекчилердин эсебинен толөнүш керек деген пикирин билдирди.

Бүгүнкү жыйында «КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды