Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүүдө

Улуттук банк бүгүн, 24-февралда доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы Economist.kg басылмасына билдирди.

Эскерте кетсек, Укранинадагы окуялардан улам Кыргызстанда рубль төмөндөп, доллардын курсу 95 сомго чейин жетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы бир катар коммерциялык банктар орус акчасынын туруксуздугуна байланыштуу доллар менен операцияларын токтотушкан.

Ошондой эле бүгүн Бишкектин бир катар комбанктары доллар менен операцияларды жүргүзүүнү жана акча алмаштырууну токтотушту. Берилген маалыматтарга караганда, акча алмаштыруу жайларында да доллар сатылбай жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды