Автоунаанын айнегин караңгылатууда айдоочулук стаж каралбайт

Автоунаанын айнегин караңгылатууда айдоочулук стаж каралбайт

Кечээ, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева автоунаанын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууда айдоочунун стажы каралабы деген суроосун узатты.

Депутаттын айтымында, айдоочулук стажы аз айдоочулар жаанчыл же тумандуу аба ырайында жол коопсуздугун бузуп алышы ыктымал.

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү караңгылатууда эч кандай стаж каралбай тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берип, республикалык бюджетти салыктык эмес кирешелер менен толтурууну көздөп жатат. Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Белгилей кетсек, айнекти күңүрттөөнүн баасы 30 миңден 50 миң сомго чейин болот, бирок акыркы баа Министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Тиешелүү органдардын эсебинде, бир жылда 20 миңге чейин унаага уруксат берилет.

Кошумча окуңуз: Айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине айнегин күңүрттөөгө уруксат берилбейт

Эми унаалардын айнегин караңгылатуу – 50 миң сом болот

Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды