Беларусь менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 72 млн долларды түздү

Беларусь менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 72 млн долларды түздү

Беларусь менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 72 млн долларды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушуу учурунда айтылды.

Жапаров 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы өз ара байланыштардагы жана эки тараптуу соода динамикасындагы оң көрүнүштөрдү белгиледи.

«Өткөн жылдагы өз  ара товар жүгүртүү дээрлик 72 млн долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50%га жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык бирикмеге кирген биздин мамлекеттердин ортосунда орун алган потенциалга жооп бербейт. Менин пикиримде, соода жүгүртүүнү жогорулатууга умтулуубуз керек», – деди ал.

Роман Головченко өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоого, анын ичинде айыл чарба техникасын, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу транспортун жеткирүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды