Бишкекте доллар 88 сомго түштү

Бишкекте бүгүн, 25-февралда саат 11.40га карата доллардын наркы 88 сомго түштү. Мындай маалыматты Valuta.kg порталына карап айтууга болот.

Улуттук банктын расмий сайтында белгилеген доллардын курсу 84.8 сом.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-февралда Укранинадагы окуялардан улам Кыргызстанда рубль төмөндөп, доллардын курсу болсо 95 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.

Эскерте кетсек, Улуттук банк кечээ, 24-февралда доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзгөнүн регулятордун маалымат кызматы Economist.kg басылмасына билдирген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды